Улуттук банк эсептик ченди 8 пайызга көтөрдү

30.11.2021, 11:04 Акчабар
Улуттук банк эсептик ченди 8 пайызга көтөрдү

Улуттук банк Башкармасы эсептик ченди (негизги чен) 50 базистик пунктка, 8%га чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.

Банктын маалыматы боюнча, чечим 2021-жылдын 30-ноябрынан тартып күчүнө кирет. Буга чейин эсептик чен 7,5% болчу.

"Ар кандай тобокелдиктер пайда болгон учурда Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатына кошумча оңдоолорду киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт", - деп билдирди Улуттук банк.

Белгилей кетсек, эсептик ставка экономиканын негизги көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналат. Бул Улуттук банктын банктарга акча каражаттарын берген пайыздык көрсөткүчү жана ошого жараша коммерциялык банктар үчүн кардарларга кредит берүү рентабелдүү эмес.

Тэги: повышение учетной ставки НБ КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу