Улуттук банк криптовалюталар менен байланышкан тобокелдиктер тууралуу эскертти

14.06.2022, 13:41 Акчабар
Улуттук банк криптовалюталар менен байланышкан тобокелдиктер тууралуу эскертти

Улуттук банккриптовалюталардын жана виртуалдык активдердин жайылышына байланыштуу мүмкүн болуучу тобокелдиктерди эскертти.

Атап айтканда, жөнгө салуучу Кыргызстанда товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү криптовалютада жүргүзүү мыйзам бузуу экенин баса белгиледи.

Мындан тышкары, Улуттук банк криптовалюта жана башка виртуалдык активдер менен байланышкан тобокелдиктерди санады.

  1. Күрөөнүн жоктугу менен байланышкан тобокелдиктер, анткени, эреже катары, криптовалюталар боюнча эч ким милдеттенме албайт жана аларда материалдык күрөөлүк жок.
  2. Криптовалюталардын реалдуу наркынын жоктугу, алар адатта эч кандай валютага же башка активге байланбагандыктан, алмашуу курсунун өзгөрүлмөлүүлүгү жана наркынын жоголушу боюнча жогорку тобокелдиктерди жаратат.
  3.  Криптовалюталар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө алардын өзгөчөлүктөрүнөн келип чыккан тобокелдиктер жана контролдоочу борбордун жана контролдоочу органдын жоктугу.

“Жогоруда айтылгандардын негизинде, Улуттук банк төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө криптовалюталарды колдонуудан этият болууну жана баш тартууну сунуштайт жана колдонуучулар криптовалюталар/виртуалдык активдер менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө бардык мүмкүн болгон тобокелдиктерди жана терс кесепеттерди өз мойнуна аларын белгилейт”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилеп кетсек, Кыргызстанда “Виртуалдык активдер жөнүндө” мыйзам кабыл алынган, анын баалуу кагаздар, валюталар, электрондук акчалар, депозиттер, резервдер жана кумар оюндарына тиешеси жок. Мыйзам 2022-жылдын 22-июлунан тартып күчүнө кирет.

Тэги: Нацбанк КР криптовалюта

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу