Улуттук банк «Финсабат» сайтын ачты

22.04.2019, 13:42 Акчабар
Улуттук банк «Финсабат» сайтын ачты

Бүгүн  Улуттук банк элди финансалык сабаттуулукка багыттаган «Финсабат» расмий сайтынын бет ачаарын жасады. 2015-жылдан бери  бул сайт тестик режимде иштеп, оң жана терс жактары эске алынып кайрадан жаңыртылган. 

«Финсабат» маалымат сайына  эми интернетке байланышка чыга алган ар бир адам колдоно алат. Аны кайрадан иштеп чыгууга “GiZ” Германия кызматташтыгы коому каржылоо жасаган.

Улуттук банктын Башкармалыгынын мүчөсү Тимур Жусупов «Финансалык сабаттуулук Улуттук банк үчүн өтө маанилүү.

«Анткени, элдин канчалык акча каражатын башкара билүүсү өлкөнүн экономикасына таасирин тийгизнет»-деп билдирди ачылуу азем маалында.

GIZ долбоорунун жетекчиси Шамиир Кханалдын билдирүүсүндө, туура финансалык маалымат берүү – өлкөнүн келечегин аныктарын белгиледи.

 

Дүйнө тез өзгөрүүдө. Андыктан, кардар каалагандай форматта маалымат берүү заман талабы. Алсак, жаштар  1.5 – 3 секундда эле тез чечим кабыл алышат. «Финсабат» дал ушундай форматта түзүлүп, кызыктуу тестер берилди. Алтургай мен өзүм дагы бүгүн ага кирип ойноп көрдүм», - деп билдирди ал.

Эми финсабат сайтында тогуз негизги бөлук бар. Анда үй-бүлөлүк кирешени башкаруудан тартып, насыя алуу же аманатка акча салууда кайсыл банктардан алуу же жайгаштыруу пайдалуу деп тандоого болот. Ошондой эле, биринчи жолу адамдын насыяны төлөө  кудурети канчалык экенин аныктоочу жаңы ыкма сунушталды.  Баардык сарамжалдуулук балдарды тарбиялоодон башталарын эске алып, балдар үчүн дагы акчаны пайдалануу, топтоо жана андан пайда алууга байланышкан маалыматтар жайгаштырылган.

 Улуттук банктын Финансалык сабаттуулук боюнча секторунун жетекчиси ЭМИР БООБЕКОВ төмөндөгүлөргө токтолду:

«Финсабат адамдарга финансалык маселерди чечүүдө пайдалуу кеңешчи боло алат. Анда жаңы аспап кредитти төлөө кудуретиңиз канчалык өзүңүз текшере аласыз. Алсак, сиз 20 000 айлык аласыз дейли, анда, бул финсабат сайтына кирип, керектөөчү насыя алууга канчалык кудуреттүүсуз текшересиз. Айына коротуу 15 мин сом. А сиз 100000 12 айга алайын дегенсиз. Бирок, сизди экранда кызыл жанып көрсөткөндөй, аны төлөөгө мүмкүнүлүңүз жок. Демек, сиз  киреше булагын көбөйтүшүңүз керек же алуу мөөнөтүн узартууну карайсыз», - деп билдирди ал.

Эң негизгиси интерактивдүү тестер алты  бөлүмдө берилип, анда 8 суроодон турат.  Жакында башка бөлүмдөргө  дагы тестер киргизилип, кардарларды кызыктыруучу жайгдайлар эске алынат. Азырынча, он-лайн карым катнаш жок. Андыктан, Улуттук банктын адисттери суроонун татаал же жеңилине карап, тез арада жооп берүүгө  даяр. 

Тэги: Финсабат Нацбанк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу