Бишкек шаарындагы ЖЧК «Бай-плюс» жана ЖЧК «Нурзаман ЛТД» аталыштагы эки акча алмаштыруучу жай, КР мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн 2020-жылдын 11-февралынан тартып 19-февралына чейин ишмердүүлүктөрү токтотулду.
Аталган акча алмаштыруучу жайлар Бишкек шаары, Дэн Сяопин көчөсү, үй № 2, № 10 квартира жана Ч. Айтматов проспекти 299 в («Ала Арча» соода борбору 1-кабат), дарегинде жайгашкан.