Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн эки алмашуу бюросунун лицензиялары убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Лицензия 2022-жылдын 30-июлунан 13-августуна чейинки мөөнөткө токтотулат. Алмашуу бюролору Бишкек шаарында жайгашкан.