Улуттук банк 10.4 млн $ тогузунчу интервенцияны жасады

02.07.2020, 11:46 Акчабар
Улуттук банк 10.4 млн $ тогузунчу интервенцияны жасады

1-июлда Улуттук банк тогузунчу интервенцияны жасады. Бул ирет регулятор 10.4 млн доллар сатты. 

 

Коммерциялык банктарда доллардын наркы 78.7 сомдон (сатып алуу), 79 сомго чейин (сатуу) көтөрүлгөн. Улуттук банктын курсуна ылайык, АКШ валютасынын официалдуу курсу 2-июлга карата 78.689.9 сомго бааланууда (+3.55% бир күн ичинде). 

Эске сала кетсек, Улуттук банк жүргүзгөн акыркы интервенциядан бери (02.04.2020-жыл) үч ай өттү. Анда доллардын курсу 84.9 сомго чейин жогорулап кеткен. Интервенция 14.2 млн долларга жүргүзүлгөн. 2020-жылдын башынан бери валюта рыногундагы туруктуулукту сактап калуу үчүн Улуттук банк 227.3 млн долларга интервенция жасады. 

 

 

Тэги: доллар США Нацбанк валютный курс интервенция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу