18-ноябрда Улуттук банк ноябрь айындагы төртүнчү интервенциясын өткөрдү. Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымдалат.
Бул ирет 1.3 млн доллар сатылды. Ал эми 17-ноябрь күнү Улуттук банк, 500 миң доллар сатып, жыл ичиндеги эң төмөн интервенцияны өткөргөн. Буга чейин 16 жана 12-ноябрда интервенция өткөрүлгөн.
Муну менен катар улуттук валюталык курсту жакшыртуу максатында жүргүзгөн ноябрь айындагы аракеттин жалпы суммасы 52 млн долларды түзгөн.
Кошумчалай кетсек, бул жыл башынан берки 19-интервенция. Жалпысынан 397.7 млн доллар сатылган.