Улуттук банк Lalafo жана "Инстаграмдагы" шылуундардан кантип сактануу керектигин айтты

14.05.2021, 11:30 Акчабар
Улуттук банк Lalafo жана "Инстаграмдагы" шылуундардан кантип сактануу керектигин айтты

Шылуундар Lalafo, Diesel жана Instagram сыяктуу популярдуу жарнама кызматын колдонуу аркылуу, төлөм карталарындагы жеке маалыматтарга ээлик кылып, андагы бардык акчаларды чыгарып ала башташты. Жабырлануучулар өз ыктыяры менен алдамчыларга бардык керектүү маалыматтарды берип койгондуктан, банктардан жардам сурап кайрылганы менен, чыгарылган каражаттарды кайтарып алуу мүмкүн эмес. Банк менен түзүлгөн келишимди жана картаны колдонуу эрежелерин бузуп, карта ээлери сактык чараларын көзөмөлдөбөй жатышат. Ушуга байланыштуу,  Улуттук банк дагы бир жолу жарандарга мындай кырдаалдардан алыс болууга жардам бере турган коопсуздук эрежелерин жана кардарыңыз алдамчы экендигин кантип билсе болоорун эсиңизге салат.  

Алдамчылык кандайча ишке ашырылат?

Сатып алуучунун атын жамынып алып, шылуундар өз жарнактарын Интернет кызматтарына жайгаштырган сатуучуларга кайрылышат (эреже боюнча, бул популярдуу Lalafo, Diesel ж.б. кызматтары) жана сатып алууга кызыгуусун билдиришет. Алдамчылар бардык сүйлөшүүлөрдү кызматтын өздүк сайтында эмес, телефон аркылуу же WhatsApp, Telegram ж.б. билдирүүлөр аркылуу жүргүзүүнү туура көрүшөт.

Андан кийин шылуундар алыскы аймакта жашаарын жана жеке өзү келип, жүктү алып кете албаастыгын билдирип, анын ордуна курьердик кызмат аркылуу жеткирүүнү сунуштайт. Алар төлөмдү сатуучунун банктык картасына жиберүүгө даярдыгын билдирип, курьердик кызматтын жасалма сайтын шилтеме катары жөнөтүү менен которуу үчүн сатуучунун картасынын реквизиттерин көрсөтүүнү сунуштайт (анын ичинде СМС же Интернет-банкинг аркылуу келген тастыктоочу кодду сурайт). Натыйжада, шылуундар картаны башкаруу мүмкүнчүлүгү аркылуу, андагы болгон акчанын бардыгын чыгарып алып кетишет.

Бул схема 2020-жылдын декабрь айынан бери ЖМКда кеңири чагылдырылган (ошондой эле, банктар расмий сайттарында маалыматтарды беришкен, жарнама сайттар, курьердик кызматы ж.б. жарыялаган) жана ошондой эле, көп жолу ИИМдин билдирүүлөрү жарыяланганына карабастан, жабыркаган жарандардан келген арыз-кайрылуулар дале уланып жатат.

Шылуундардын тузагына түшүп калбаш үчүн эмне кылуу керек?

1. Картаңыздын номерин, ПИН - кодуңузду, картанын жарактуулук мөөнөтүн, ошондой эле CVV / CVC коддорун (бул акыркы 3 цифра коопсуздук коддору, кол тамга тилкесиндеги картанын артында болот) эч кимге, керек болсо туугандар, банк кызматкерлери, укук коргоо органдары, кесиптештерге да айтпаңыз.  

2. Расмий сайттарды гана колдонуңуз. Эч качан текшерилбеген шилтемелерге өтпөңүз, айрыкча, картаңыздагы маалыматтарды ал жерге киргизбеңиз.

Банк картасынан уурдалган каражатты жабыркаган тарапка кайтарып берүү мүмкүн эмес, анткени карт ээси өз ыктыяры менен алдамчыларга өз маалыматын өткөрүп берип койгон.

3. Ар дайым банктын көчүрмө операцияларын текшерип туруңуз. Эгерде андан сиз жасабаган операцияны кездештирсеңиз, анда дароо банкыңызга кайрылып, кырдаалды иликтөө жана түшүндүрүү өтүнүчүн билдириңиз.

Тэги: Нацбанк мошенники Lalafo

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу