11-декабрда 10 жылдык мөөнөттүү мамлекеттик казыналык баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.
Баалуу кагаздардын жалпы көлөмү 850 млн сомду түзөт, купондук чен — 8%.
Эске сала кетсек, ноябрда мамлекеттик баалуу кагаздардын көлөмү 2.7 млрд сомго өскөн.