2019-жылдын 28-ноябрында өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүгө багытталган банктарды кайра каржылоо максатында кредиттик аукциону өтө тургандыгы жөнүндө Улуттук банк билдирет.
Кредиттик аукциондун параметрлери:
Кредиттин мөөнөтү (ай) | 6 ай |
Кредиттик ресурстардын көлөмү (млн. сом) | 1 000,00 |
Ауцион өткөрүү ыкмасы* | Кошо каржылоо менен белгиленген чен боюнча аукцион |
Кошо каржылоонун пропорциясы/ Кошо каржылоонун көлөмү | 1:1 (коммерциялык банктын өздүк каражаттары эсебинен кредиттөөнүн көлөмү ушул кредиттик аукциондун чегинде алынган каражаттардын көлөмүнө дал келиш керек) |
Максаттуу багытталышы | Өнөр жай; айыл-чарба, даярдоо жана кайра иштетүү; транспорт, байланыш жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү; соода жана коммерция; курулуш; туристтик чөйрө. |
Регионалдык багытталышы | Кредиттик ресурстар Бишкек шаарын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын бардык областарын каржылоого багытталууга тийиш. Бишкек шаары боюнча долбоорлорду кредиттөгө жол берилбейт. |
Пайыздык чен (%) | Аукцион өткөрүү учурунда Улуттук банк аныктаган эсептик чени |
Билдирменин минималдуу көлөмү (млн. сом) | 20,00 |
Билдирменин максималдуу көлөмү (млн. сом) | 450,00 |
Коммерциялык банктардын түпкү карыз алуучулары үчүн чектүү номиналдык пайыздык чени, анын ичинде коммерциялык банктардын өздүк каражаттарынын эсебинен берилген кредиттер боюнча | 12% |
Пайыздын төлөө убакыты | Ар бир айдын 1чи күнүндө |
Кредиттин күрөөлүк камсыздоосу | Улуттук валютадагы мамлекеттик баалуу кагаздары (МБК) (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 105%) |
Улуттук банктын ноталары (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 105%) | |
Улуттук банктагы пайызсыз депозиттик эсепте турган чет өлкө валютасы (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 105%) | |
Кредиттер портфели боюнча талап кылуу укугу (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 200%) |