29-июнда жүгүртүү мөөнөтү 7, 14 жана 28 күн болгон Улуттук банктын ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондор өтөт. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.
Эмиссиянын жалпы суммасы 4,2 млрд сомду түзөт. Баарынан да 7 жана 28 күндүк ноталардын (ар бири 1,5 миллиард сом) эсебинен каражат тартуу пландаштырылууда.
Кошумчалай кетсек, максималдуу кирешелүүлүк улуттук банктын аукциондук күнүнө карата эсептик ченине барабар.