7, 14, 28 жана 91 күндүк ноталарды жайгаштыруу боюнча аукцион өтөт. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалат.
Эмиссиянын биргелешкен суммасы 5 млрд 400 млн сомду түзөт. Улуттук банк каражаттын басымдуу бөлүгүн 28 күндүк (2.2 млрд сом) жана 14 күндүк (1.9 млрд сом) ноталардан тартууну пландоодо.