Эртең, 21 июлда Улуттук банк 7, 14 жана 28 күн мөөнөтүндөгү айлануудагы ноталарын жайгаштырат. Бул тууралуу регулятордун сайтында айтылат.
Улуттук банк баалу кагаздарды жайгаштыруудагы тартууну пландап жаткан каражаттардын жалпы өлчөмү 5 млрд 600 млн сомду түзөт.
Күндүк ноталар | Суммасы (миң сом) |
7 | 1.700.000.0 |
14 | 2.200.000.0 |
28 | 1.700.000.0 |
Кошумчалай кетсек, ноталарды жайгаштыруу боюнча өткөн акыркы аукцион 14-июлда болуп, анын жыйынтыгы боюнча 7,14,28 жана 91 күндүк ноталардын орто өлчөмдөгү кирешелүүлүгү 3.94, 4.30, 4.49 жана 4.55 пайызды түзгөн.