Казакстандын Улуттук банкы 2020-жылы 26 тонна алтын сатып алат

20.01.2020, 12:05 Акчабар
Казакстандын Улуттук банкы 2020-жылы 26 тонна алтын сатып алат

Казакстандын Улуттук банкы 2020-жылы дээрлик 26 миң тоннаддан ашык алтын сатып алышат. Бул тууралуу inbusiness.kz басылмасы билдирди. 

«Бизде 50, 20, 10 жана 5 граммдык алтын куймалар бар. Азыркы учурда бир грамм алтынды 18 500 теңгеге (49 $) сатып  алып, кайра 20 500 теңгеге (54 $) сатып жатабыз. Алтынга болгон баа күн сайын өзгөрүп жатат. Биз соодага жараша, курсатарды өзгөртүп жатабыз», — деп билдирди банктын өкүлү Айгүл Серикова. 

 Алтынды сатып алуу менен сатуудагы айырманын суммасы 2 миң теңгени (5 $ жакын) түзөт. Эгерде сиз 500 миң теңгеден кем эмес суммага алтын алам десениз, анда жаныңызда өздүктүгүңүздү тастыктай турган доумент болуусу керек. Сатуучулар 50 гр жана 100 гр алтын куймаларга болгон талап абдан күчтүү болуп жаткандыгын белгилешти. Алтын сатуу боюнча программа Улуттук банк тарабынан 2017-жылы иштелип чыккан. 

Программа ишке киргизилгенден тарта, дээрлик 500 килограммдан ашык казакстандык алтындар сатылган. Анын ичинен 4 миң алтын куйма акча алмаштыруучу жайлардан ишке ашырылган. 2017-жылдан 2019-жылдын ноябрь айына чейин жалпысынан 13 миң алтын куйма сатылган. 


 

Тэги: Нацбанк РК золото

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу