Улуттук банк беш коммерциялык банктын кызмат орундарына талапкерлерди жактырды

22.02.2022, 09:04 Акчабар
Улуттук банк беш коммерциялык банктын кызмат орундарына талапкерлерди жактырды

Улуттук банк коммерциялык банктар тарабынан бир катар кызматтарга сунушталган талапкерлерди жактырды. Бул тууралуу борбордук банктын сайтында маалымдалды.

Тактап айтканда, Улуттук банк «Капитал Банк» ААК башкармасынын мүчөсү кызмат ордуна Данияр Жоокаевди, «Айыл Банк» ААКсынын ички аудит бөлүмүнүн начальнигинин орун басары кызмат ордуна Назира Токтакунованы, «Кыргызкоммерцбанк» ААКтын башкармасынын мүчөсү/башкаруучу директор кызмат ордуна Данил Бутовду дайындоого макулдук берди.

Мындан тышкары, Улуттук банк «Кыргызстан» коммерциялык банкы» ААК башкармасынын төрагасынын орун басары кызмат ордуна Кайратбек Суранаевди жана «Компаньон Банк» ЖАК директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү, тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна Леван Тхелидзенин талапкерлигин жактырды.

Тэги: кадры Нацбанк согласовал кандидаты комбанки

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу