Улуттук банк эсептик ченди 14% деңгээлинде калтырды

26.07.2022, 10:20 Акчабар
Улуттук банк эсептик ченди 14% деңгээлинде калтырды

Улуттук банк башкармасы 2022-жылдын 25-июлунда эсептик ченди (негизги чен) 14 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу өлкөнүн башкы каржы мекемесинин расмий сайтында жарыяланды.

Регулятор Кыргызстанда экономикалык өнүгүүнүн оң динамикасынын фонунда инфляциялык жогорку басым сакталып жатканын белгиледи.

"Улуттук банктын учурдагы күндөлүк монетардык саясаты экономикада инфляциялык процесстерди ооздуктоо жана дүйнөлүк товардык-чийки зат рынокторунда баанын глобалдуу өсүш тенденциясынын терс таасирин төмөндөтүү зарылчылыгы менен шартталган", - деп айтылат маалыматта.

Жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатынын маанилүү натыйжаларынын бири болуп, сом түрүндөгү финансылык активдердин, анын ичинде сом түрүндөгү мөөнөттүү аманаттардын өтүмдүүлүгүнүн жогорулашы саналат. 2022-жылдын май айынын жыйынтыгы боюнча улуттук валютадагы депозиттик база 2021-жылдын май айындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 22 пайыздан ашыгыраак өскөн. Жаӊыдан берилген сом түрүндөгү кредиттердин көлөмү 2022-жылдын февраль-май айларынын жыйынтыгы боюнча 16,2 пайызга көбөйгөн (өсүш 6,8 млрд сом тегерегинде). 

"Ички жана тышкы экономикалык чөйрөнү өнүктүрүү шарттарын эске алып, Улуттук банк эсептик ченди 14,0 пайыз деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Монетардык саясаттын учурдагы курсун колдоо орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктердин жана тышкы конъюнктуранын кесепеттеринин Кыргызстандын экономикасына таасирин төмөндөтүү үчүн зарыл", - деп белгилешти банктан. 

Белгилеп кетсек, 14% эсептик чен 2022-жылдын мартынан бери өзгөргөн жок.

Тэги: учетная ставка Нацбанк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу