Улуттук банк «Мобильник» компаниясынын лицензиясын токтотту

17.05.2019, 18:32 Акчабар
Улуттук банк «Мобильник» компаниясынын лицензиясын токтотту

 Улуттук банк мыйзамдарды  аткарбагандыгы үчүн «Тез төлөмдөрдүн бириккен системасы» жоопкерчилиги чектелген коомунун  лицензиясын чакыртып алды.

«2015-жылдын 12-майындагы № 2002120515 жана № 3001120515 лицензияларынын аракети 2019-жылдын 17-майынан тартып убактылуу токтотулгандыгын маалымдайт. Лицензиялардын аракетинин убактылуу токтотулгандыгы «Тез төлөмдөрдүн бириккен системасы» жоопкерчилиги чектелген коомун өз милдеттенмелерин аткаруудан бошотпойт»-деп эскерти Улуттук банктан. 

Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын абалына таасирин тийгизиши мүмкүн болгон тобокелдиктерди азайтуу жана финансы кызматтарын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча зарыл чараларды көрөт. 

 

Тэги: лицензия Мобильник Нацбанк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу