Улуттук банк лицензияны катуу талап менен берет

22.01.2020, 14:40 Акчабар
Улуттук банк лицензияны катуу талап менен берет

Жогорку Кеңеште атайын жөнгө салуу режимдерин түзүү максатында иштелип чыккан «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоорунун демилгечиси – депутат Искандер Гайпкулов.

«Бул мыйзам долбоору аркылуу «КР Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө”, “Инновациялык иш жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөр сунушталууда. Анткени, нак эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча программада каралган иш-чараларды, анын ичинде сандык көрсөткүчтөрдү жүзөгө ашыруу банк жана төлөм системаларынын ишин өркүндөтүү жана банк тутумунда нак эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү аркылуу гана жетишүүгө болот», - деди Искандер Гайпкулов.

Жогоруда аталган мыйзамдарга ченемдин эки түрүн киргизүү сунуш кылынат: лицензия берүү чөйрөсүндө дифференциалдуу ыкмаларды ишке ашыруу; атайын жөнгө салуу режимдеринин алкагында лицензия берүүдө Улуттук банктын өзгөчө шарттарды жана талаптарды белгилөө укугу, мындай укуктар ченемдик базада белгиленүүгө тийиш. Ошол эле учурда, Улуттук банк долбоордун жалпы ийгилигине баа берүү индикаторлорун алдын ала белгилей алат. Индикаторлор тизмеси Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында берилет.

Улуттук банк кошумча ресурстарды бөлүүнү талап кылышы мүмкүн болгон долбоорлорго коммерциялык баа берүүнү жүргүзбөшү мүмкүн. Анын негизги милдети – өзүнүн ченемдик укуктук базасын талапка ылайык тууралоо чечимин кабыл алуу. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, тесттен өткөрүү шарттары узартылышы зарыл. Системалуу тобокелдиктер аныкталган учурда, Улуттук банктын ордун толуктаган чараларды киргизүүгө мүмкүнчүлүгү болот.

Ал эми Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгулов өткөн жылы нак эмес төлөмдөрдүн үлүшү андан мурдагы жылга салыштырмалуу 20 пайызга өскөнүн, бул көрсөткүч мындан ары дагы өсө турганын билдирди.

 

Тэги: Нацбанк Жогорку Кенеш лицензирование

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу