Улуттук банк эсептик ченди 14% деңгээлинде калтырды

30.08.2022, 10:24 Акчабар
Улуттук банк эсептик ченди 14% деңгээлинде калтырды

Улуттук банкБашкармасы 29-августта эсептик ченди 14% деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Чечим бүгүн, 30-августта күчүнө кирет.

Геосаясий белгисиздик менен чогуу дүйнөлүк инфляциянын жогорку деңгээлде сакталышы өлкө экономикасын өнүктүрүүгө таасирин тийгизген олуттуу факторлордон бойдон калууда.

“Мындай шарттарда Улуттук банк экономикада инфляциялык процесстерди чектөө жана тышкы экономикалык чөйрөдөгү тобокелдиктердин таасирин азайтуу максатында акча-кредит саясатын жүргүзүүнү улантууда”, - деп айтылат маалыматта.

Улуттук банк тышкы жана ички экономикалык чөйрөнүн өнүгүү шарттарын эске алуу менен эсептик чен өлчөмүн 14 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды.

“Улуттук банк проинфляциялык тобокелдиктер жеңилдегенге чейин жүргүзүп жаткан акча-кредит саясатынын багытын карманат. Кандайдыр бир тобокелдиктер жаралган учурда, Улуттук банк жүргүзүп жаткан монетардык саясатка кошумча түзөтүүлөрдү киргизүүнү жокко чыгарбайт”, - деп жыйынтыктады Улуттук банк.

Кошумчалай кетсек, Улуттук банк Башкармасынын эсептик чендин өлчөмү тууралуу кийинки пландык отуруму 2022-жылдын 31-октябрында өтөт. 

 

Тэги: учетная ставка Нацбанк КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу