Улуттук банк эсептик ченди  5,0 пайыз деңгээлде сактап калды

26.01.2021, 10:20 Акчабар
Улуттук банк эсептик ченди  5,0 пайыз деңгээлде сактап калды

Улуттук банк  2021-жылдын 25-январында эсептик ченди (негизги ченди) 5,0 деңгээлинде калтыруу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул чечим 2021-жылдын 26-январынан тартып күчүнө кирет.  

 

 

Улуттук банк белгилеп кеткендей Кыргызстанда экономикалык активдүүлук төмөн боюнча калууда. Өндүрүш көлөмүнүн кыйла төмөндөшү айыл чарбасынан тышкары экономиканын дээрлик бардык секторлорунда катталган. Кыргызстандын экономикасынын алгылыктуу туруктуу өсүшү, негизинен, өлкөдөгү эпидемиологиялык жагдайга жана соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасынын калыбына келүүсүнө жараша болот.  

 

«Дүйнөлүк азык-түлүк жана чийки зат рынокторунда айрым товарларга баалар өсүүдө. Кыргыз Республикасына майларды жана кантты сунуштаган өлкөлөрдө аталган товарларга баалар туруктуу негизде өсүүдө. Бул фактор, коңшу өлкөлөрдө жергиликтүү эт продукциясына жогору суроо-талаптын сакталып турушу менен бирге өлкөдө жалпы баа деңгээлинин күндөлүк өсүшүн шарттоодо», — деп билдирди Улуттук банк. 

Жылдык инфляциянын көрсөткүчү 2021-жылдын 15-январына карата көрөткүчү 9.9% түздү. Учурдагы экономикалык шарттарда, белгилүү бир жогорулоодон кийин жылдын орто ченинде инфляция бир аз турукташат жана жыл акырында бир маани чегинде калыптанат. 


 

 

Тэги: Нацбанк учетная ставка годовая инфляция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу