Кыргызстанда 2017-жылдын жыйынтыгын Улуттук статистика комитети жарыялап, анда өлкөнүн 1.6 млн адам жакыр жашаганы айтылды. Алардын ичинде 41 миң адам эң кедей. Жакыр адамдардын көбү, тактап айтканда 72% айыл аймактарында жашашат.
«Республикада кедей үй-бүлө деп жылдыккеректөөчү кирешеси 32 миң 93 сом же айына болгону ар бир жанга 2 миң 674 сом тапкан бүлөлөр кирди. Эн жакыр деген категорияга жылдык кирешеси 17 миң 471 сомдон ашпагандар кирип, алардын ар бир жанга тапкан айлык кирешеси 1 миң 455 сом»— жеп кабарлады улуттук статком.
КР 1990-жылдары эле жакырчылыкты жоюу боюнча милдеттеме алган. Бул багытта эл аралык уюмдар жардам кылып келишет.
«2018-жылы мамлекеттен жөлөк пулду 379 миң адам алып, анын 96% жакырчылыктан алган жөлөк пул болуп (үй-бүлө), алар 16-жашка чейинки балдары барлдар»—деп тактады Улуттук статком.
Эсептөө көрсөткөндөй, жакырчылыктын чеги 5% жогоруласа же ар бир адамдын тапкан кирешеси айына 134 сомдон ашпагандар, өлкөдөгү жакырчылыктын деңгээлин 4.9% көтөрүүдө. Бул Кыргызстан боюнча 309.3 миң адам кедей дегенди билдирет.
2017-жылы 1.6 млн кыргызстандык кеделердин категориясына кирген. Ал эми жакырлануу коркунучунда турган (жакырчылыктагы плюс/минус 5% ) адамдар жалпы калктын 8.8% түзүшкөн. Бул өлкөдөгү 550 миң адам.