Салык кызматы 2 айда 11,9 млрд сом салык чогултту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Алдын-ала маалымат боюнча, Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 2020-жылдын январь-февраль айларында 11 млрд 918,4 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулду. Белгиленген план 100,1 %га аткарылды же 15,5 млн сомго ашыгы менен жыйналды.
2019-жылдын эки айына салыштырмалуу салыктардын түшүүсү 744,1 млн сомго көп жыйналган же өсүү тепми 106,7 %ды түздү.