«1000 мелочей» соода үйүнүн аманатчылары үч жылдан бери акчаларын кайтара албай келишет

18.02.2022, 13:25 Акчабар
«1000 мелочей» соода үйүнүн аманатчылары үч жылдан бери акчаларын кайтара албай келишет

Мындан бир нече убакыт мурун “Акчабар” сайты “1000 мелочей” соода үйү аманатчыларынын бир пайыздык мезгил ичиндеги облигацияларын төлөп бере албай калгандыгы тууралуу маалыматты жазып чыккан эле. Бул маалымат жарыялангандан кийин, сайттын редакциясына баалуу кагаздарга ээлик кылгандар кайрылып, пайыздык төлөп берүүлөр 4 эмиссия ичинде бир да жолу ишке ашырылбагандыгы жөнүндө катын тапшырышты.

17-февралда редакциябыз “1000 мелочей” соода үйүнүн азыркы учурдагы директору Таалайбек Бапанов облигация ээлери менен сүйлөшүү үчүн уюштурган жолугушууга катышып, аманатчылар эмне себептен акчаларын ала албай жаткандыгын териштирип көрдү.  

Ишкана 2016-жылдан бери облигация чыгарып келет. “Стройпарк” ири соода борборунун курулушуна акча каражаты керек болгон. Азыркы учурда анын эсебинде жалпы 300 млн 709 миң 561 сом карызы бар 4 эмиссия турат. Ага 813 адам аманатчы болгон. 2019-жылдын мартына карай эмиссия жарым-жартылай гана жабылганы менен ишкана баалуу кагаз чыгаруусун токтоткон эмес.

 “Стройпарктын” ачылышы катары эле, биринчи чыгарылыштын төлөмдөрү 2019-жылы ишке ашырылышы керек болчу. Акча топтолгон, бирок, курулушка карата керектүү делген инстанциялардын уруксаты кечигүү менен келген. Ошондой эле ал учур пандемиянын башталышы менен өлкөдөгү туруксуздукка туш келип калган эле” – деди “1000 мелочей” соода үйүнүн директору Таалайбек Бапанов.

Аманатчылар мындай актанууларга макул эмес. Алар төлөмдөрдүн дүйнө жүзү коронавирус жөнүндө кабардар боло электе эле токтогонун айтышууда. Бул учурда компания аманатчыларга карыз акчаны бартер түрүндө алууну, башкача айтканда соода борборунда сатылып жаткан товарларды алууну сунуштады.  

“Складды тазалап берүүнү сунуштаганын булар бартер деп аташууда. Ал товарлар болгону кафель менен дубал кагаздарынын калдыктары. Ишкана банкрот деп табылбаса дагы, биз өз акчаларыбызды ала албай жатабыз”, - дейт “1000 мелочей” соода үйүнүн аманатчысы Анна Елизарова.

Аманатчылардын айтуусу боюнча, ишкананын баалуу кагаздарынын экинчи чыгарылыштагы пайыздары 2019-жылдын ноябрь айынан бери төлөнгөн эмес. Ал эми 3чү жана 4-эмиссияларынын пайыздары 2020-жылдын 2-кварталынан бери төлөнө элек. 4-эмиссиянын төлөө мөөнөтү ушул жылдын апрель айында бүтөт.

 “4-эмиссиянын төлөмдөрү - төлөп берүүнүн расмий датасынан кийинки 15 күндүн ичинде ишке ашырылат. Бул Каржылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын жобосуна туура жана мыйзамга шайкеш келет” – деп директор чогулгандарды жооткотконго аракет жасайт.

Бирок, анткени менен алар бул сөздөргө ишенишпейт. Анткени, жетекчилик буга чейин да соода борборун сатуудан түшкөн каражатты төлөгөн жатабыз деп алдап келгени бар. “Стройпарк” менен “1000 мелочей” соода борборлорунун ижарачыларына карабастан, ар кандай шылтоолор менен төлөөлөрдүн датасы жылдырып келе жатканы айтылат.

“Биз бир нече жолу Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы аркылуу сотко берип да көрдүк. Бирок, анткени менен, көпчүлүк сот отурумдарына Бапанов дагы, анын өкүлдөрү да келбей коюп жатты. Бул учурда ишкана 2022-жылдын 17-мартында 1-эмиссия боюнча доо эскиргендигине байланыштуу анын мөөнөтү бүтөт”, - дешет алар.

Бирок, анткени менен соода үйүнүн директору бардык кыйынчылыктар артта калганын, ишкана ири инвесторду тарта алганын жана бул жолу аманатчылар чындап акчаларын ала алышарын ишенимдүү түрдө айтып жаткан учуру.

"Өткөн жылы өлкөдөгү туруксуз саясий кырдаалдан улам инвестициялык колдоого жете албай калдык. Азыр бардыгы өз нугуна түшүүдө. Облигация ээлерине биз карызды март-апрель айларынын ичинде төлөп берүүнү пландап жатабыз. Учурда долбоорубуздун эл аралык инвестору бар” – дейт Т.Бапанов.

Тэги: ТД 1000 мелочей облигации вкладчики деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу