Нарындын базарындагы соодагерлерге азык-түлүктүн бааларын негизсиз көтөрбөө тапшырылды

16.12.2020, 15:00 Акчабар
Нарындын базарындагы соодагерлерге азык-түлүктүн бааларын негизсиз көтөрбөө тапшырылды

Нарын шаарынын борбордук базарында жана соода борборлорунда азык-түлүк бааларына мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынан билдиришти.

 

 

Маалыматка ылайык, мониторинг учурунда Финансы полициясы соодагерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, азык-түлүктүн бааларын негизсиз көтөрбөөнү тапшырышкан. 

Жыйынтыгында күнүмдүк тиричиликке керектелүүчү негизги азык-түлүктөрдүн бааларындагы өсүш импорттолгон азыктарда байкалып, бул кымбаттоо жергиликтүү жашоочуларга оорчулук туудуруп жаткандыгы боюнча маалымат өкмөткө билдирилери айтылды. 

Ошол эле учурда азык-түлүктөрдүн бааларын негизсиз көтөрүүгө жол бербөө максатында тиешелүү органдар жума сайын мониторинг жүргүзүүдө.

Тэги: Нарын азык-түлүк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу