Нарында 5 миң 544 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү

06.05.2020, 16:15 Акчабар
Нарында 5 миң 544 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү

Бүгүнкү күнгө карата Нарында 5 миң 544 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров билдирди.

 

Анын айтымында, Нарын шаарына өкмөт тарабынан 2 млн 615 миң 200 сом өлчөмүндө гуманитардык жардам бөлүнүп берилди. Анын 1 млн 615 миң 200 сомун өкмөт бөлсө, калган 1 млн сому, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү боюнча ачылган атайын эсептен которулган.

«Өкмөт тарабынан 3 миң 269 үй-бүлө гуманитардык жардам алса, ал эми демөөрчүлөр тарабынан 2 миң 275 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү», — деп баса белгиледи ал.

Тэги: Нарын гуманитардык жардам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу