Банк: той үчүн кредит албай, акча чогултуп өткөрүү оң

16.10.2020, 13:40 Акчабар
Банк: той үчүн кредит албай, акча чогултуп өткөрүү оң

Улуттук банктын маалыматына ылайык, 2020-жылдын июль айынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын насыя портфелинин көлөмү 5.9% жогорулап 154 млрд  385.8 млн сомду түзгөн. Көпчүлүк учурда насыя алуучулардын басымдуу бөлүгү  киреше жана төлөө мүмкүнчүлүктөрүн эске ала бербейт. 

Автоунаа алууга, батирди оңдоп-түзөөгө, бизнеске инвестиция жасоого акча чогулбай жатса, насыя бирден бир маселени чечүүчү кадам катары колдонулат. Бирок, керектөөчүлөрдүн бардыгы эле финансы келишимдер менен толук тааныша беришпейт жана каражатты максаттуу пайдаланышпайт.

2010-жылдан бери кыргызстандыктардын насыя алуусу кантип  өзгөргөн? (сом менен)

Насыя алуу процесси жана насыя алууда эмнелерге көңүл буруу керектиги тууралуу «Акчабар» Кыргызстандагы коммерциялык банктардын бириндеги насыя бөлүмүнүн адиси  Адилет Мамбеталиев жана Accelerate Prosperity бизнес акселераторунун инвестициялык аналитиги Бакыт Алимжанов менен маек курду.

Эгерде жөнөкөй сөз менен айта турган болсок, насыя — бул банк белгилүү бир мөөнөткө белгилүү бир пайыздык чен менен карыз алуучуга берген акчанын суммасы.

 

Эксперттердин айтымында, насыянын кадимки карыздан айырмасы, лицензиясы бар финансылык уюмдар (банктар, ЭИУ, МКК жана башкалар) тарабынан гана берилет. Бир сөз менен айтканда, каржы уюмдары насыя келишимдеринде көрсөтүлгөн юридикалык жана жеке жактар ​​үчүн ортомчу болушат.

 

«Насыяларды каалаган юридикалык же жеке жактар ​​бере алышат. Эч кандай ортомчусуз же эки же үч тараптын сүйлөшүүлөрүнө жараша  пайызсыз дагы берилиши мүмкүн», — деп билдиришти адистер.

 

Насыяны бизнести өнүктүрүү үчүн алса жана аны жабуу үчүн чыгашанын көлөмү кирешенин көлөмүнөн көп болсо, пайдасы көбүрөөк болот.

Андан сырткары, капиталды ишкер өзүнүн «чөнтөгүнө» колдонбостон бизнеске жумшоо дагы маанилүү. Анын ичинен керектүү жабдууларды, техникаларды жана товарларды сатып алуу.

Мындан сырткары, банк тойго насыя алууну дагы көп сунуштай бербейт. Себеби, бул чыгым өзүн өзү актабайт жана төлөөгө келгенде кыйынчылык жаралышы толук мүмкүн.

 

 «Тойүчүн насыя алуу карызга батууга алып келет. Тойду акча чогултуп өткөрүү оң. Майрамдык иш-чараларды өткөрүү үчүн насыя алуу коомчулук жана экономикага эч кандай пайда алып келбейт», — деп билдирди Бакыт Алимжанов.

 

Андан сырткары, эгерде каржы булактар жетиштүү болсо, ашыкча насыя алуу дагы сунушталбайт.

Акча алуу үчүн насыядан башка дагы альтернативдүү жолдордун бири болуп бизнести,  аймактарды колдоого багытталган инвестициялык фонддор болуп эсептелинет. Андан сырткары, күрөөканалар дагы бар. 

 

 

 

 

 

Тэги: насыя маалымат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу