Насыяны кайрадан каржылоо. Же банкка болгон карызды кантип жеңилдетсе болот?

01.02.2021, 16:30 Акчабар
Насыяны кайрадан каржылоо. Же банкка болгон карызды кантип жеңилдетсе болот?

Улуттук банктын маалыматына ылайык, ар бир онунчу кыргызстандыктын 100 миң сомго чейинки насыясы бар. Баарыбыз билгендей эле, насыяны бизнести өнүктүрүүгө (баса, бул эң популярдуу шылтоолордун бири) автоунаа, үй, гаджеттерди алууга жана окуу акысын төлөө үчүн деп алабыз. Ал эми өткөн жылдагы падемиядан соң тамак-аш, азык-түлүк алууга да насыялар бериле баштады.

 

Мунун эч кандай уяты жок, себеби дүйнө жүзү карыз менен жашайт. Айырмасы, болгону Европада насыя боюнча чендин көлөмү 0 дон 2% чейин, ал эми Кыргызстандагы чендердин көлөмү азыркыга чейин эки сандуу болуп келет.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, улуттук жана чет элдик валюталардагы насыя чендин көлөмү өткөн жылдын ноябрь айында 13.85% түзгөн.

 

Белгилей кетүүчү нерсе, сом менен алынган насыянын орточо пайыздык чени 16.19% түзөт. Ал эми доллар менен алынган насыянын пайыздык чени мындан дагы төмөн болот. Эске салсак, бул орточо көрсөткүч.

Эң көп насыя керектөөчү секторго берилген. Пайыздык чени — 23.54% түзөт.

Бардык коммерциялык банктарда пайыздык чен боюнча диапазондун көрсөткүчтөрү окшош. Бирок, айрым учурларда 2% дагы чоң мааниге ээ. Эгерде башка банкта, сиз буга чейин алган насыядан дагы ыңгайлуу пайыз менен насыя берилип жатса эмне кылуу керек? Бул учурда кайра каржылоо же башкача айтканда, мурунку карызды жаңысына алмаштыруу керек болот. Бул абдан алгылыктуу болуп эсептелинет.

Насыяны кайрадан каржылоо үчүн эмне кылуу керек?

Бул суроого Улуттук банктын банктык көзөмөл бөлүмүнүн жетекчиси Бактыгүл Бейшеналиева төмөнкүчө жооп берди.

«Каржылоону насыянын бардык түрүнө жүргүзсө болот. Кардар насыя келишимдин шартына маани берүүсү керек жана талапка ылайык иш алып баруусу кажет. Керектүү учурда банк менен мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңешүү зарыл. Муну менен катар, бул кызматты колдонуш үчүн кайсы бир каржы уюмга гана барыш керек деген чек жок. Башкысы — кардар насыяны төлөй алуусу керек, тагыраагы каржы мүмкүнчүлүгү насыяны төлөөгө жеткиликтүү болуусу керек», — деп жооп берди адис.

 

Бул үчүн кардар банкка, атайын арыз менен кайрылуусу керек. Арыз менен кошо төмөнкү документтер талап кылынат: насыя келишими, төлөө графиги, мурун насыя алган банктан карыздын суммасы жөнүндө маалымкаты, ошондой эле насыя алууда берилген документтердин типтүү пакети.

 

«Эгерде насыя тарыхчанын көрсөткүчү төмөн болсо жана башка себептер болсо банк кайрадан каржылоодон толугу менен баш тарта алат», — деп кошумчалады Бактыгүл Бейшеналиева.

 

Кайрадан каржылоо жолдору тууралуу маалыматты билдик. Эми кайсы банктын шарты кандай? Биз сиздерге жеңил болуш үчүн, банктардын шарттары тууралуу маалымат даярдадык.

 

 

 

Тэги: насыя каржылоо кайрадан каржылоо

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу