Назарбаев Казахстандын президенттик кызматынан баш тарты

19.03.2019, 20:42 Акчабар
Назарбаев Казахстандын президенттик кызматынан баш тарты

Нурсултан Назарбаев  Казахстандын элине жергиликтүү  телеканал аркылуу кайрылуу  жасап,  кызматтык ыйгарым укуктарын токтотуп жатканын жарыялады. 

«Мындан ары президенттик кызматымдан баш тартууну чечтим»– деди ал.

Назарбаев өлкөнү 1990 жылдан берибашкарып, ал эми 2015-жылы бешинчи жолу президенттикке катары менен шайланган. Бүгүн, 19 мартта  ал үч буйрук жана бир нече жарылыкка кол койгон. 

Ошонтип, эми Казахстан Республикасынын мурдагы прокурору  Кайрат Кожамжаров, буга чейин кызматынан бошотулуп, азыр президенттин указы менен сенаттын депутаты болуп дайындалды. 

Дагы бир маанилүү буйрук президенттин администрация башчысынын орун басары болуп Малик Мурзалин дайындалып, башка жарылык менен ал буга чейин ээлеген Акмоло областынын акимдигинен бошоду. 

Назарбаев Казакстандын Коопсуздук кеңешин өмүр бою жетектей алат.

Назарбаев президенттин милдетин Сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаев убактылуу аткарып турарын жарыялады.

Тэги: Казахстан Нурсултан Назарбаев отставка

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу