Мамлекеттик баалуу  кагаздардын көлөмү көбөйүүдө

17.06.2019, 15:36 Акчабар
Мамлекеттик баалуу  кагаздардын көлөмү көбөйүүдө

Мамлекеттик баалуу  кагаздардын көлөмү көбөйүүдө. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланды. 

Жүгүртүү мөөнөтү 2-жыл болгон МКОлордун 2019-жылдын 17-июнунда кошумча жайгаштыруунун жыйынтыгы боюнча алардын көлөмү 150,0 млн. сомду түзгөн.  

2019-жылдын 14-июнунда өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 2-жыл болгон МКОлор боюнча кирешелүүлүк 6,69% түзгөн.  

• МКОМамлекеттик казына облигациялары 

Мамлекеттик казына облигациялары (МКО) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн пайыздык кирешеси (купону) жана жүгүртүү мөөнөтү 1 жылдан ашкан мамлекеттик узак мөөнөттүү баалуу кагазадары.

1 МКОнун номиналдык наркы жана чыгарылыш параметрлери МКОлорду чыгарган учурда эмитент тарабынан аныкталат. МКО документтерде чагылдыруу жана чагылдыруусуз түрдө чыгарылат.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги МКОнун эмитенти болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы - МКОлорду чыгарууну тейлөө боюнча башкы агент. МКОлорду жайгаштыруу Улуттук банк тарабынан өткөрүлгөн эмитент тарабынан белгиленген мезгилдүү аукциондор тарабынан жүргүзүлөт. Аукциондордо катышуу укугуна тике катышуучулар (Улуттук банк менен келишим түзүшкөн биринчилик диллерлерине жана финансы-кредиттик мекемелерине ж.б.) ээ.

Юридикалык жактар сыяктуу эле, жеке адамдар да Кыргыз Республикасынын МКОлордун ээлери боло алышат. Чет өлкөлүк инвесторлордун МКО рыногуна кирүүсүнө чек коюлбайт.Инвесторлордун МКОлорду сатып алуусу аукциондо (аларды биринчи жолу жайгаштырууда) же болбосо экинчилик рынокто Биринчилик дилерлер аркылуу гана жүзөгө ашырылат.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу