Бүгүн 7, 14, 28 жана 91 күндүк ноталарды жайгаштыруу боюнча аукцион өтөт. Бул тууралуу регулятор маалымдады.
Эмиссиянын жалпы суммасы 5 млрд 550 млн сомду түзөт. Каражаттын басымдуу бөлүгүн Улуттук банк 28 күндүк ноталардан тартууну (2.3 млрд сом) жана 14 күндүк ноталардан (1.55 млрд сом) тартууну көздөөдө.