17-июлда 7 жылдык мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.
Эмиссиянын жалпы көлөмү 500 млн сомду түзөт. Баалуу кагаздардын кирешеси - 7% түзөт.
Эске сала кетсек, 14-июлда өткөрүлгөн аукциондн жыйынтыгында 7-14-21-28 жана 91 күндүк ноталардын кирешеси 3.94%, 4.30%, 4.49% жана 4.55% түзгөн.