2020-жылдын октябрь айынан кийин алгачкы жолу Улуттук банк 2 жылдык мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрдү. Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымдалат.
Баалуу кагаздар ачык жайгаштырылган соң, 12-февралда киреше 7.49% түзгөн.
Эске сала кетсек, 2 жылдык мамлекеттик баалуу кагаздардын эсебинен Улуттук банк 200 млн сом тартууну пландаган.