Улуттук банк тогуз ай ичинде биринчи жолу эсептик ченди төмөндөттү

26.02.2019, 12:11 Акчабар
Улуттук банк тогуз ай ичинде биринчи жолу эсептик ченди төмөндөттү

26-февралда Улуттук банк берген пресс-конференцияда  эсептик чен 0.25%  - 4,5% чейин кыскарган. Финансалык көзөмөлдөчү өзүнүн чечимин өлкөдөгү төмөн баа динамикасы менен түшүндүрдү. 

Улуттук банктын маалыматына таянсак, 2019-жылдагы  инфляция төмөнкү баада  калыптанып,  февралда терс зонага кирди. Баалардын жылдык деңгээлинде  0.7% төмөндөдү.  Бул баардык товар жана кызмат көрсөтүүлөргө тиешелүү. Бир гана  алкоголь менен тамеки продукциялары акырындык менен өсүүдө.  

Экономиканын негизги тармактарында активдүүлүк сакталууда. Январда ИДӨ  өсүүсү  6.4% жетти.

Ички валюталык рыноктогу абал,  такталгандай  жалпысынан  туруктуу жана ар кандай тобокелчилик жагдайларын түзгөн жок. 

Кыргызстандын экономикалык өсүшү боюнча болжоодо  КР -өнөктөш өлкөлөрүндө жана ички экономикалык абал жагымдуу тенденцияда кармалып, кыска жана орто мезгил аралыгында өзгөрүүгө  алып келбейт.  Ушундай шартта эсептик ченди төмөндөтү чечими кабыл алынды.  Эгерде инфеляциялык тобокелдиктер жаралса, анда Улуттук банк акча-кредиттик саясатындагы  багыттарына өзгөртүү киргизе алат. 

Айтмакчы, Улуттук банк койгон эсептик чендер  боюнча  республикадагы коммерциялык банктар элге насыя беришет. Ошондуктан, анын чени элге берилген насыяларга таасир этет. 

Тэги: учетная ставка ВВП Нацбанк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу