КР УБ: Банктарга болгон наразычылыктардын көпчүлүгү региондордон келип түшөт

26.09.2019, 16:45 Акчабар
КР УБ: Банктарга болгон наразычылыктардын көпчүлүгү региондордон келип түшөт

Банктык иштерге болгон нааразычылктардын көпчүлүгү региондордон келип түшөт. Каржы уюмдарынын кардарлары өздөрүнүн укуктары жана милдеттери тууралуу толук биле беришпейт. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрдагы, финансы жеткиликтүүлүгү тууралуу стартегияны тааныштыруу учурунда УБ жетекчиси Толкунбек Абдыгулов билдирди. 

Анын айтымында, насыя алган жарандар, башкалар үчүн дагы кепилдик болгонго (поручитель) макул болушат. Насыяны төлөөчү сумманы накталай түрдө жакындарынын, тааныштарынын колуна беришет. Мунун баары финансылык сабатсыздыктан кабар берет. 

Ошон үчүн региондорду өнүктүрүүдө калктын финансылык сабатсыздыгын  жоюу кажет. Шаардагы жашоочулардын финансылык сабаттуулукка жетишээрлик. Үч жылдан бери КР УБ мамлекеттик коргандар жана эл аралык донорлор менен биргеликте калктын финансылык сабаттуулугун жакшыртуу иштерин алып барып келет. 
 

Эгерде ОртоАзиядагы мамлекеттер менен салыштырсак, биз алардан артта калган жокпуз. Өлкөдө ислам принциптерин сактаган банктар, мобильдик капчыктар, төлөм операторлору жетишээрлик. Бирок, бул чек эмес, планды андан ары өнүктүрү үчүн дагы иштеш керек”, - деп билдирди Толкунбек Абдыгулов. 

 

Тэги: банки НБКР финансовая грамотность

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу