Улуттук банк электрондук кол тамганы колдонуу боюнча мүмкүнчүлүктү кеңейтет

01.04.2019, 11:15 Акчабар
Улуттук банк электрондук кол тамганы колдонуу боюнча мүмкүнчүлүктү кеңейтет

Улуттук банк электрондук кол тамганы колдонуу боюнча «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдүжана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» долбоорду коомдук талкууга чыгарат. 

Калкты аралыктан тейлөөнү жана финансы кызматтарынан пайдаланууну жогорулатуу жагында финансы мекемелеринин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында, долбоор менен аралыктан тейлөөдө тобокелдиктерди азайтуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында талаптарды белгилөө менен айрым банк операциялары боюнча электрондук кол тамганы колдонууну жөнгө салуу сунушталат. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Коммерциялык банктар жана төлөм системаларынын операторлору долбоор боюнча пикирлерин жана сунуштарын 2019-жылдын 1-майынан кечиктирбестен жөнөтүүсү зарыл. 

 

Тэги: электронная подпись банковские услуги Нацбанк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу