Банктын кардарлары аралыктан туруп эсеп,аманат ачып алтургай насыя ала алышат

02.04.2019, 16:17 Акчабар
Банктын кардарлары аралыктан туруп эсеп,аманат ачып алтургай насыя ала алышат

Улуттук банк электрондук кол тамганы колдонуу боюнча «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдүжана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» долбоорду коомдук талкууга чыгарды. Эми айрым банктык кызматтарды аралыктан туруп алууга болоорун финансыны жнг салуучу  «Акчабарга» маалымдады. 

Калкты аралыктан тейлөөнү жана финансы кызматтарынан пайдаланууну жогорулатуу жагында финансы мекемелеринин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүмаксатында, долбоор менен аралыктан тейлөөдө тобокелдиктерди азайтуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында талаптарды белгилөө менен айрым банк операциялары боюнча электрондук кол тамганы колдонууну жөнгө салуу сунушталат. 

Эгерде мыйзамдарга өзгөртүү  киргизүү  кабыл алынса,  анда анда банктын кардарлары аралыктан туруп эле банк кызматтарын колдоно алышат. 

«Буга чейинки технологиялар интернет-банкинг, мобилдүү банкинг, электрондук капчык  жана башка электрондук карым-катнаштагы атайын код, сыр сөзү бар же идентификациялык технологиялар  колдонула берет. Бул системаны колдонгондор аралыктан туруп, операторго өзү экенин тастыктаса, анда электрондук кол тамганы колдонуп, эсеп ачып, нгасыя ала берсе болот» —деп билдирди Улуттук банктан.

Бул мыйзамга ылайык жөнөкөй жана эч кандай квалификация талап кылбаган электрондук кол тамга эки тараптуу макулдашуунун негизинде деле колдонула берсе болот. 

«Улуттук банк тарабынан укуктук-ченемдик актыларга өзгөртүү киргизүү банктар менен кардарлар жана башка уюмдардын ортосундагы электрондук кол тамганы колдонуудагы карым катнаштарды жөнгө салууга багытталып, айрым тобокелдиктердин алдын алууга багытталган» — деп билдирди финансы регулятору.

 

 

 

 

Тэги: электронная подпись банковские услуги Нацбанк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу