26-январда Улуттук банктын 7, 14, 28 жана 91 күндүк ноталарын жайгаштыруу боюнча аукцион өтөт. Бул тууралуу регулятор билдирди.
Эмиссиянын биргелешкен суммасы 7 млрд сомду түзөт. Каражаттын басымдуу бөлүгүн Улуттук банк 7 күндүк ноталардан тартууну пландоодо.
Кошумчалай кетсек, максималдуу кирешени, тагырагы 5.75% 91 күндүк ноталардан тартуу пландалууда.