КР Улуттук банкы эки коммерциялык банкка жетекчилерди дайындады. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирет.
2019 – жылдын 19 – сентябрында Улуттук банк ААК «БТА банктын» жетекчилерин дайындоо тууралуу чечимин кабыл алды:
- ЖАК “БТА банктын” Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп Жаманкулов Данияр Нургазыевич дайындалды;
- Директорлор кеңешинин мүчөсү Нуркулова Гульнара Жороевна дайындалды;
- ЖАК “БТА банктын” башкармасыныны төрагасынын орун басары болуп, Кагиров Руслан Зайндиевич дайындалды;
Андан сырткары, ААК “Росингбанктын” Башкармасыныны төрагасынын орун басары кызмат ордуна Курманбеков Бакыт дайындалды.