КР УБ “ЕАЭСке 5 жыл” күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат

24.09.2019, 10:34 Акчабар
КР УБ “ЕАЭСке 5 жыл” күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат

КР Улуттук банкы 2019-жылдын 24-сентябрынан тартып «Тарыхый окуялар» сериясынан «Евразия экономикалык бирлигине 5 жыл» күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат. 
 

ЕАЭБ расмий эмблемасы жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн түстүү ыкмада берилген туулары менен бирге түшүрүлгөн «5» саны монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетин түзөт. Монетанын сол тарабында мүчө мамлекеттердин улуттук белгилери чагылдырылып, тегерете «Евразия экономикалык бирлиги / Евразийский экономический союз» деп жазылган. 
 

Монетанын арткы бетинде биригүүнүн символу катары жер шарынын элеси берилип, ага ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин улуттук оюулары жана «5» саны түшүрүлгөн. Монетанын борборунда Кыргыз Республикасынын герби жайгаштырылган. Жогору жагында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» деп жазылып, оң жагында металлдын сапат белгиси (Ag925°) жана салмагы (31,10g) көрсөтүлгөн. Ал эми сол жагында монетанын номиналы (10), Кыргыз Республикасынын расмий акча бирдиги болуп саналган сомдун графикалык белгиси баш тамга менен асты сызылып берилген (С). Белгинин астындагы сызык улуттук валютанын туруктуулугун билдирет. Монетанын төмөн жагында чыгарылган жылы көрсөтүлгөн (2019). 

Ар бир күмүш монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сапатты тастыктаган сертификат менен өзүнчө кутучага таңгакталган. 

 

Тэги: монета Нацбанк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу