Бишкекте эки бөлмөлүү батирлер 3% арзандаган. Борбордо метр квадратттын баасы канча?

08.04.2019, 13:15 Акчабар
Бишкекте эки бөлмөлүү батирлер 3% арзандаган. Борбордо метр квадратттын баасы канча?

 Бишкекте 2019-жылы март айында  1 миң 265 сатуу жана сатып алуу катталып,  ал былтыркы дал ушул маалга караганда 12.94% аз. Ушул эле маалда жеке  турак жайларга болгон суроо талаптар 27.31% азайган.Батирлерге болгон суроо талап  7.67% кыскарган. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамленкеттик каттоо кызматы жарыялап чыкты. 

Бишкекте ар бир квадрат метр жердин баасы 47 миң529 сом болду. Бул  былтыркы мезгилге карата  баалар 11.81% сом бааланса, доллар менен  13.8% болуп, бир квадрат метрдин баасы  $681 жеткен. 2019-жылы мартта жеке үлгүдөгү батирлердин баасы 11.64% арзандаган. Борбордо орточо батирдин баасы  $55 миң 860 болгонун мамлекеттик каттоо кызматы билдирет.

Ушул жылдын мартында областардагы үйлөрдүн баасы жогорулаган. Анда Талас, Нарын  менен  Ысык-Көлдүн облустун борборлорунда батирлер кымбаттаган. Таластагы баанын өсүшү 28.85%, Нарында–1.48%,  Караколдо  1.68%. Ал эми Жалал-Абадда баалар тескеринче 4.13% төмөндөгөн, Баткенде  баалар 32.83% болду.

 2019-жылы Бишкекте март  айында стандарттуу  1 миң 84 сатуу жана сатып алуу жасалган. Орточо экинчи рыноктогу баалар  (104, 105, 308 сериясындагы жеке типтеги батирлер) $767 бааланган. Бул былтркы жылга салыштырганда 4.5% жогору.

Ушул мезгил аралыгындагы бир бөлмөлүү батирлердин баасы $772 (+0.13%), эки бөлмөлүү батирлер– $730 (–0.41%), үч бөлмөлүү– $753 (+6.5%), төрт бөлмөлүү – $807 (+13.03%), беш бөлмөлүү – $842 (–6.03%) болгон.

Бир жана төрт бөлмөлүү  квартиралар  0.27% жана 1.22% жогорулаган. Ушул эле маалда эки, үч жана төрт  бөлмөлүү батирлердин баасы 3.03%, 0.94% жана  21.02%  түшкөнү байкалган. 

Тэги: недвижимость Кыргызстан цены

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу