NEFTAN компаниясы Баткенде агроөнөр жай паркын түзөт

14.10.2021, 17:10 Акчабар
NEFTAN компаниясы Баткенде агроөнөр жай паркын түзөт

"Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү" инвестициялык форумунда жыйынтык документтерге кол коюлду. Бул тууралуу минкабдын басма сөз кызматы билдирди.

Форумдун ишинин жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:

  •  Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен "Ихсан Азия Глобал Строй Ипотекалык Компаниясы" ачык акционердик коомунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;
  •  Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен "МЕГА ДЖЕК" жоопкерчилиги чектелген коому ортосундагы 4 багыт боюнча кызматташуу жөнүндө меморандум:
1) "Лейлек районунун Арка айылында парк зонасынын курулушу" долбоору;
2) "Лейлек районунун Арка айылында логистикалык борбордун курулушу" долбоору;
3) "Баткен шаарындагы мейманкананын курулушу" долбоору;
4) Кызыл-Кыя шаарындагы парк зонасын реконструкциялоо долбоору;
  • Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен "Ак-Буура Групп" жоопкерчилиги чектелген коому ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум; 
  • Инвестициялар министрлиги менен "Шампанвинкомбинат" жоопкерчилиги чектелген коому ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Инвестициялар министрлигине караштуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору мамлекеттик мекемеси, Лейлек районунун Сүмбүл айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жана "Т. Ибрагимов" жоопкерчилиги чектелген коому ортосундагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун даярдоо боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандум;
  • Баткен мэриясы жана Түркиянын Палаталар жана товардык биржа союзунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы жана NEFTAN компаниясы ортосунда агроөнөр жай паркын түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги, Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана "Mak Fidanchilik" компаниясы ортосунда Баткен облусун сапаттуу көчөттөр менен камсыздоо боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум. 

Ошондой эле коноктор үчүн айыл чарба көргөзмөсү уюштурулуп, анда Баткен облусунда өндүрүлгөн продукциянын бардык түрү сунушталды.

Бул форум Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо аянтчасы катары гана кызмат кылбастан, ошондой эле маанилүү макулдашууларга жетишүүгө мүмкүндүк бергени айтылды. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, мамлекеттик органдардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустун, бизнестин, бизнес-омбудсмен институтунун өкүлдөрү катышты.

Тэги: NEFTAN Баткенская область агропромышленный парк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу