Күтүүсүз кадам.Абдыгулов жоюлган ссуданы төлөйт

26.02.2019, 10:39 Акчабар
Күтүүсүз кадам.Абдыгулов жоюлган ссуданы төлөйт

Кыргызстандын Улуттук Банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов ага берилген ссуданын калган каражатын төлөрүн жарыялады. Бул тууралуу ал журналисттерге берип жаткан пресс-конференцияда жарыялады.

Улуттук банктын башчысы турак жай үчүн жоюлган ссуда боюнча фактыны Башкы прокуратура текшерип бүткөнүн билдирди. Текшерүүнүн жыйынтыгында кандайдыр бир мыйзам бузуулар аныкталган жок.

«Баардык мыйзамдык нормалар ссуданы алууда, ошондой эле жоюуда сакталган. Бул маселенин моралдык жагын жакшы түшүнөм. Ошондуктан, мага карата жоюлган ссуданы төлөнүү чечтим»—деп билдирди Абдыгулов.

Ошол эле учруда баардык процедурада укуктук маселер сакталууга тийиш. Жоюлган ссуданы төлөө үчүн айрым укуктук-ченем актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизилиши зарыл. Ошондо Улуттук Банктын башчысы ссуданы төлөй алат.

 

«Буга чейин Улуттук банкка жоюлган ссуданы кайтаруу процесси каралган эмес. Учурда бул өзгөртүү кирүүдө. Андан кийин гана төлөп баштайм. Жоюлган ссуданы оз ыктыярым менен калыбына келтирүүнү канчалык каалабайын аны жасооо оңой болбой жатат. Бул айрым салыктын суммасы төлөнүп, төлөмдөр жана башка продедуралар жасалган» — деп билдирди Абдыгулов.

Эскерте кетели 2015-жылы Толкунбек Абдыгулов 5миллион 500 миң сомдук турак жай ссудасын алган.Улуттук банктын Башкармалыгынын чечими менен 2017-жылдын 31 -октябрда алынган ссуданын 4 млн 824 миңи саясий жетекчилик кызматка өткөндүгүнө байланыштуу жоюлган.

Тэги: Толкунбек Абдыгулов ссуда Нацбанк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу