Жылдык жалпы чогулушта "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ишканасынын акционерлери компаниянын уставдык капиталын 5 миллиард 400 миллион 299,3 миң сомго көбөйтүү чечимин кабыл алышты.
Бул үчүн акционердик коом кошумча акцияларды чыгарат. Жалпысынан 3 миллиард 263 миллион 206 миң жөнөкөй акцияны жайгаштыруу пландалууда.
“Акциялар документсиз түрдө чыгарылат. Бир нусканын баасы 1,6549 сомду, кошумча жайгаштыруунун жалпы суммасы 5 миллиард 400 миллион 299,3 миң сомду түзөт”, — деп билдирет кыргыз фондулук биржасы ишканага шилтеме берүү менен.
Алсак, жүгүртүүдөгү акциялардын көлөмү көбөйгөндөн кийин “Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ААКнын уставдык капиталы 7 миллиард 987 миллион 717,3 миң сомго, ал эми компаниянын акцияларынын саны 4 миллиард 826 миллион 689 миң 324кө жетет.