2019-жылы 50 миңге жакын нике катталган

16.03.2020, 13:30 Акчабар
2019-жылы 50 миңге жакын нике катталган

2019-жылы республика боюнча 49395 нике катталган. Никеге туруунун көпчүлүгү Ош(11,5 миң)  жана Жалал-Абад (9 миң)  областарында болсо, Бишкек шаарында бул көрсөткүч 7 миңден ашык. Ал эми  Нарын (1,7 миң) жана Талас(1,6 миң)  областарында никени каттоо аз жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди. 

2019-жылы 10995 үй-бүлө ажырашуусун каттатса, 2018-жылы ажырашкандардын 10434 катталган.

Бул рейтингдин алдынкысы Ош областы – эки миңден ашык, экинчи орунда ошондой эле эки миңден ашык ажырашуу менен Бишкек шаары. Үчүнчү Чүй областы 1951 ажырашуу катталган.  

Ажырашуунун саны 500дөн ашык катталбаган аймактардын катарында Ош шаары, Нарын жана Талас областары. Ысык-Көл жана Баткен областарында ажырашуулардын саны 900 жакын.

 

 

 

Тэги: нике үй-бүлө баш кошуу ажырашуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу