Төмөн пайыздык чендер банктар үчүн пайдасыз – USAIDдин өкүлү

22.11.2022, 11:05 Акчабар
Төмөн пайыздык чендер банктар үчүн пайдасыз – USAIDдин өкүлү

Дыйкандар төмөн үстөк пайыз менен насыя алууга кызыктар болсо, бул банктар үчүн пайдасыз болот. Бул тууралуу “Кыргызстандын айыл- чарбасын каржылоону жакшыртуу” аттуу тегерек үстөлдө USAIDдин Kyrgyz Agro Trade Activity Project  долбоорунун жетекчиси Дэвид Дайер билдирди.

Ал бул маселени толугу менен чечүү мүмкүн эместигин, бирок аны жөнөкөйлөштүрүү үчүн каражат алуу процессине өзгөртүү киргизүү мүмкүнчүлүгү бар экендигин белгиледи. 

“Байланышты стандартташтыруу жана санариптештирүү чыгымдарды азайтышы мүмкүн. Күрөө жана үстөк пайыздар боюнча мыйзамдар бар. Алар насыя берүүнү жеңилдетүү үчүн түзүлгөн. Ал эми ишке ашыруу маселеси татаал болсо да, аны көз жаздымда калтырбаш керек, баары бир чечишибиз керек. Кыргызстан айыл чарбадан көз каранды, биз аны өнүктүрүшүбүз зарыл”, - деди ал.

 

Тэги: новости Кыргызстана банки КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу