COVID-19: Оорудан каза болгон медиктердин жакындарына компенсация төлөнбөйт

06.05.2020, 12:15 Акчабар
COVID-19: Оорудан каза болгон медиктердин жакындарына компенсация төлөнбөйт

COVID-19 коронавирустук инфекциясынан каза болгон медиктердин жакындарына компенсация төлөнүп берилбейт. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифинде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

 

Министрдин орун басарына «ооруп калган медиктен анын үй-бүлө мүчөлөрү же жакындары коронавирус жуктуруп каза болсо, аларга компенсация төлөнүп берилеби?», - деген суроо узатылды.

Үсөнбаев мындай категориядагы жарандар каралган эмес экендигин маалымдады.

«Эгерде медик өзү ооруп калган болсо, анда комиссия атайын иштерди жүргүзөт. Андан кийин гана төлөм төлөнөт», — деп билдирди ал.

 

Тэги: Нурболот Үсөнбаев компенсация COVID-19 инфекция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу