Нурланбек Кайынбаев Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгону белгилүү болду.
Буга чейин аталган кызматты Талантбек Солтобаев ээлеп келген. Ал өткөн жумада, 23-апрелде кызматтан бошотулган.