Келишимге ылайык, Кыргызстан өзүнүн акцияларынын 5% гана сатууга укуктуу. Бул тууралуу "Кыргызалтын" ААКнын өкүлдөрү “Кумтөр” маселеси боюнча парламенттик жыйында билдиришти.
Депутат Абдывахап Нурбаев 26% акциялардын наркы 30% га түшүп кеткенде, эмне үчүн "Кыргызалтын" 19% сатууну көздөп жатат деп сурады. Бирок, мамлекеттик компания түшүнүктүү жооп бере алган жок, алар мамлекеттик комиссиянын иши башталганга чейин эле 5% сатууга ниеттенишкенин тастыкташты.
Ал эми “Кумтөр” маселеси боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Акылбек Жапаров Кыргызстан “Центерранын” директорлор кеңешинен үлгү алып, акцияларынын бир бөлүгүн сатууну көздөп жаткандыгын белгиледи.