Улуттук банк ААК «РСК Банктын» аудит боюнча комитетинин өкүлүн дайындады. Бул тууралуу Улуттук банктан маалымдашты.
Аталган кызмат орунга Данияр Бекболотов дайындалды.
Кошумчалай кетсек, Данияр Бекболотов үстүбүздөгү жылдын 15-октябрынан тарта ААК «РСК Банктын» директорлор кеңешинин өкүлү болуп эмгектенип келген.