2019-жылы 110 объект пайдаланууга берилген

12.03.2020, 12:50 Акчабар
2019-жылы 110 объект пайдаланууга берилген

2019-жылы Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан 110 курулуш объекти пайдаланууга берилди. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин турак жай-жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары Жумабай Каримжанов билдирди.

«Анын ичинен 51и курулуш объекти, 36 объектте капиталдык оңдоп-түзөө иштери аткарылды. 23 айылда таза суу менен камсыз кылуу объекттери пайдаланууга берилди», - деп, ал 51 курулуш объектинин ичинде 39 мектеп, 2 бала бакча, 6 саламаттык сактоо жана 4 маданият тармагындагы объект бар.

Ал белгилегендей, былтыр пайдаланууга берилген жана курулушу жүргүзүлгөн объекттерге 2 млрд 774 млн сом каралган. Анын ичинен 2 млрд 748 сом акча бөлүнүп берилген.

«1 млрд 976 млн сом объекттердин курулушуна, капиталдык оңдоп-түзөө иштерине 265 млн сом, таза суу менен камсыз кылуу объекттерине 500 млн сом бөлүнгөн», - деди ал.

«Былтыркы жылдан калган курулуш, капиталдык оңдоо-түзөө жүргүзүлө турган, таза суу менен камсыз кылуу объекттеринин курулушун жүргүзүүгө биринчи этап менен 1 млрд сом 4 млн сом каралууда. Анын ичинен 250 млн сом таза суу менен камсыз кылуу объекттерине, 150 млн сом капиталдык оңдоп-түзөө жүргүзүлө турган объекттерге, 1 млрд сом курулуш объекттерине жумшоо пландалууда», - деди билдирди.

Аны менен бирге ал, бул жылдын жыйынтыгы менен 100дөн ашык объектти пайдаланууга берүү пландалып жатканын айтып өттү.

Тэги: 110 объект 2019-жылы курулуш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу